Кончита Вурст ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандыгын айтып чыкты

Коомчулукка Кончита Вурст деген ысым менен белгилүү болгон австриялык артист Томас Нойвирт ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандыгын Instagram баракчасына жазып чыкты. Ырчынын айтымында ал аталган дарт менен көп жылдан бери ооруп келет. Анын бул  тууралуу ачык айтып чыгуусуна «ооруңду элге жаям» деп коркуткандар себеп болгон. Ошондой эле ал үй-бүлөсүнө, досторуна жана күйөрмандарына колдоо көрсөтүп жаткандагы үчүн чексизщ ыраазы экенин баса белгилеген. Кончита Вурст  2014-жылы Копенгагенде өткөн «Евровидение» музыкалык сынагында сакалчан аялдын образында ырдап чыгып, жеңүүчү аталып, сенсация жараткан. 

 

Добавить комментарий