БШК депутат Асылбек уулунун мандатын алуу маселесин карайт

Борбордук шайлоо комиссиясына парламент депутаты Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтер түштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

Анын айтымында, комиссия бул маселени бүгүн түшкү саат экидеги отурумунда карайт. Бегматовдун маалыматы боюнча, Дамирбек Асылбек уулунун ордуна «Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги Руслан Чойбеков депутат болуп келиши мүмкүн.

Быйыл 15-16-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар болуп чыккан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол төрөлүп-өскөнүн «Азаттыкка» билдирген.

Айрым маалымат каражаттары кыргызстандык депутатты «Кытайдан Казакстанга жана Орусияга аткезчилик менен жүк ташыган кылмыш тобунун башчысы» деп жазып чыгышкан.

Добавить комментарий