Бишкекте мас абалында 17 жаштагы кызды сүзүп, тебелеп кеткен айдоочу ички иштер министринин мурдагы орун басары Касымбаевдин уулу экени айтылууда

Бишкекте мас абалында 17 жаштагы кызды сүзүп, кийин тебелеп кеткен унаанын айдоочусу ички иштер министринин мурдагы орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу экени айтылууда.

Бул маалымат боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, алар бул маалыматты тастыктоодон да, жокко чыгаруудан да баш тартышты.

Айта кетсек, буга чейин Бишкек ШИИББинен мас абалындагы 25 жаштагы айдоочу 17 жаштагы кызды 20 метрдей жерге ыргыта сүзүп, кийин тебелеп кеткенин кабарлашкан. Жаракат алган кыз ошол жерден каза болгон. Ал эми жол кырсыгы ошол жердеги видео көзөмөлгө түшүп калган.

www.super.kg

Добавить комментарий