Нарын дарыясына боюн таштаган кемпирди куткаргандар сыйланышты

Нарын дарыясына секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган 78 жаштагы эненин өмүрүн сактап калган жергиликтүү тургун менен милиция кызматкери Нарын ОИИБ тарабынан сыйланды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 16-апрелде Нарын ОИИБдин имаратында Нарын ОИИБдин өздүк курамынын катышуусунда сыйлоо аземи өтүп, 78 жаштагы эненин өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн айдоочусу, милициянын ага сержанты Асанбеков Жаныбек Асанбекович жана жергиликтүү тургуну Шакеналиев Жыргалбек Жээналиевич Нарын ОИИБдин ардак грамотасы менен сыйланышты. 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий