Аксыда үйлөргө чагылган түштү

Аксы районунун Айбек айылында 5 үйгө чагылган түшүп, 5 электр эсептегич жана 1 сыналгы жарылып кетти.

Айбек айылынын башчысы Нурмамат Кадыров билдиргендей, чагылгандан улам 5 үйгө зыян келтирилди.

«Чагылган түшкөн 5 үйдүн тең электр эсептегичи жараксыз абалга келди. 1 үйдүн чатырчасы жана айнеги талкаланды. Дагы бир үй-бүлөнүн сыналгысы талкаланып, дубалы тешилди. Адамдар жабыркаган эмес. Көп зыян тарткан үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча айыл өкмөт жетекчилигине кайрылуу жолдодук», — деди ал.

www.turmush.kg

Добавить комментарий