17-апрелге карата жылдыз төлгө

Кой


Чоң жоопкерчиликти жана жумушка болгон жөндөмдү талап кылчу күн. Пландарды ишке ашыруу үчүн, мурункуларын бүтүрүңүз. Жүрөгүңүздү уксаңыз, ийгиликке жетесиз.

 

Букачар


Жумушта жаңы жолдор ачылат. Өзгөрүүлөргө даяр болуңуз. Сизди эч ким колдобосо да, капаланбаңыз. Убагы менен душмандарыңыз доско айланат дешет жылдыздар.

 

Эгиздер


Жумуштагы маселелерди чечүүгө ылайыктуу күн. Адамдар менен тил табышканды билсеңиз, ишиңиз алга жүрөт. Акчаңызды керексиз буюмдарга сарптабаңыз.

 

Бөйөн


Жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн, жардам сурабай, өзүңүз аракеттениңиз. Туугандар менен сый мамиледе болуңуз. Бойдокторду келечектүү таанышуу күтөт.

 

Арстан


Убактыңызды талашып-тартышууга коротпоңуз. Сөз менен эмес, иш менен далилдеңиз. Эмоционалдуу болбоңуз, ката кетирип алышыңыз мүмкүн экендигин жылдыздар айтышат.

 

Бийкеч


Жагдайды шаштырбаңыз жана шашылыш чечим чыгарбаңыз. Ар бир ишке чыгармачылык менен мамиле жасаңыз. Жакындар менен баарлашууда эмоцияңызды контролдоңуз.

 

Тараза


Оң жыйынтыктарга жетүү үчүн активдүү болуңуз. Душмандар менен да сый мамиле курууга аракеттениңиз. Шашылыш же сезимдерге алдырып чечим чыгарбаңыз.

 

Чаян


Тартиптүү жана зирек болуңуз! Максаттарга жетүү үчүн жай болсо да, ишенимдүү кадамдарды жасаңыз. Жаңы сунуштарга кылдат мамиле жасаңыз.

 

Жаачы


Аракетиңиздин акыбети кайтат. Ошентсе да кесиптештер менен жетекчилик сиздин тажрыйбаңызды текшериши ыктымал. Буга даяр болуңуз.

 

Текечер


Көптөн берки кыялыңыз орундалат. Достор менен баарлашуу – жакшы өзгөрүүлөрдү берет. Үйдө жана жумушта маселелерди стандарттуу эмес жол менен чечиңиз.

 

Суупери


Калтырылып келген жумуштарды пландаңыз. Маанилүү маалымат аласыз ички туюмуңузга ишениңиз. Кечти эч ким менен баарлашпай, жалгыз өткөрүңүз.

 

Балыктар


Алдыны көрө билип, активдүү кадам жасоого ылайыктуу күн. Зирек болуп, үйгө жана үй-бүлөңүзгө көңүл буруңуз. Спорт менен машыгуу, сейилдөө- маанай көтөрөт.

Инстаграм: @goroskop.kg

Добавить комментарий