Түркмөнстанда 30 жашка чейинки жигиттердин чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынды

Түркмөнстанда отузга толо элек эркектер мындан ары чет өлкөгө чыгарылбайт. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматына Дашогуз облусунун тургуну билдирген.

Атын атагысы келбеген адамдын кабарлашынча, бул чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган.

«Чет өлкөгө чыкканы жаткан 27 жаштагы таанышымды миграциялык кызматтын облустук бөлүмүнө чакырып, билетин алып коюшкан. Ага 30га толо элек эркектердин өлкөнүн тышына чыгуусуна тыюу салынган буйрук бар экенин айтышкан», — деди ал.

Маалыматтарга караганда, бир нече жигитке билеттин акчасын кайтарып беришкен.

Түркмөнстанда соңку айлардан бери чет өлкөгө, биринчи кезекте Түркияга чыгууда тоскоолдуктар жаралууда. Мындан тышкары түркмөн бийлиги башка өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарды, студенттерди артка кайтаруу чараларын көрүп жатканы дагы айтылууда.

Добавить комментарий