АКШ Россияга жаңы санкциянын мөөнөтүн жылдырды

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү мөөнөтүн жылдырууну буйруду.

Мурдараак АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли өлкөнүн Каржы министрлиги тарабынан Орусияга жаңы санкциялар жарыяланышы ыктымалдыгын билдирген. Дүйшөмбүдө Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс администрация Сириядагы химиялык чабуулдан кийин Орусияга кошумча санкция киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын журналисттерге айткан.

Ак үйдөгү расмий булактар Орусияга каршы экономикалык санкциялар башка чаралар менен катар эле «олуттуу каралып жатканын» ырасташты. Трамптын сөзү боюнча, бул чаралар боюнча акыркы чечимдер жок. Вашингтондо президент Трамп Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү ыктымалдыгы аз экенин белгилеп жатканын Reuters агенттиги жазды.

Апрель айынын башында АКШнын Каржы министрлиги орусиялык 38 ишкерге, расмий адамдарга жана компанияларга санкция киргизген. «Кара тизмеде» Олег Дерипаска, Кирилл Шамалов жана Виктор Вексельберг, 17 орусиялык аткаминер, алардын ичинде ички иштер министри Владимир Колокольцев, тышкы иштер комитетинин башчысы Константин Косачев, коопсуздук катчысы Николай Патрушев, «Росгвардиянын» башчысы Виктор Золотов жана башкалар бар.

Добавить комментарий