Баткенде жазгы көрктөндүрүү ишине 40 млн. сом сарпталды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, “Таза жашоо” ураанынын алкагында жарыяланган көрктөндүрүүнүн үч айлыгында облус боюнча 670 миң бак тигилген.

Анын 478 миңи мөмөлүү бак-шактар. 1-мартта башталган иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 15 млн. ашуун сом сарпталып, ал эми жарандардан 25 млн. сомдой каражат топтолгон.

Үч айлык алкагында аймактагы 3252 чакырым ички жана чарбалык каналдарды, арыктарды оңдоп-түзөө жана тазалоо иштери аткарылды. Мындан тышкары жалгыз бой карыялардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүн актоо-сырдоо, калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү бийлик элет тургундары менен биргеликте көмөктөшүүдө.

Баткен облусунда үч район, үч шаар бар. Облус элинин саны 500 миң адамдан ашат. Негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенет. Расмий маалыматтар боюнча, элдин 4,8 пайызы сырткы миграцияда.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий