Данияр Абдыкадыров: “Кыялданган мамлекеттик кызматкер болдум, бирок…”

Жаш болсо да, аракети, жетишкендиктери, максаттары чоң, өзүн өстүрүү менен башкаларга пайда алып келүүнү көздөгөн, эң башкысы, мекенинин патриоту Данияр Абдыкадыров баскан жолу жана ийгилик сырлары менен бөлүшөт.

 

“Жетишкендиктеримдин баарына апамдын салымы чоң!”

— Бала кезимден ийгиликке жетем деп кыялданчумун. Кичине кезимден баштап эле классымдын, мектебимдин баардык иш-чараларына активдүү катышып, 15 жашымда улуттук телевидениеге алып баруучу болуп баштагам. Азыркы жетишкендиктеримдин баардыгына апамдын салымы чоң, себеби өзү мугалим болгондуктан кичине кезимен дипломаттык тарбия берип, ар дайым жасайм деген нерсеме каршы болчу эмес. Эгерде жасаган ишим оңунан чыкпай калса «Мен өзүңдү ушул катачылыктарыңды сезсин дегем» деп жылмайып койчу. Кыскасы, апам кичине кезимден өз алдымча чечим кабыл алууга, каталарымды өзүм оңдоого, жетем деген нерсеге жете билүүгө туура тарбия берип келген. Ошентип, 16 жашымда Москвадагы бир айлык окууга бекер жолдомо утуп алдым да, 10-классымда өзүм окуган Бишкек шаарындагы 67-мектептин президенти болуп шайландым. 17 жашымда белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова менен иштешип баштадым, ошол эле жылдары Кыргызстандагы көптөгөн балдар жана жаштар уюмдарынын мүчөсү болуп кабыл алындым.

 

“Ийгиликтин сыры — эч убакта артка чегинбей, өжөр болуп, издене билүүдө!”
— Мектепти аяктаган сон кытай тили кесибин тандап, калаабыздагы окуу жайдын бирине тапшырып, бир жыл окуган соң эч кандай жыйынтык жок экенин сездим. Кытай тили негизи эле эң оор тилдердин бири эмеспи, бирок ошентсе да, бир жыл окуп, эч нерсе үйрөнбөй чыкканыдыгыма өзүмө өтө ачуум келди. Ушул кесипти тандаган соң, эмне кылсам да үйрөнүшүм керек дедим да, ошол эле жылы кайрадан экзамен тапшырып, башка окуу жайга, кытай тили кесиби боюнча кайрадан 1-курска отурдум. Экинчи жолу 1-курсту аяктап жатып, окуу жайдан үйрөнгөн кытай тили мени канааттандырган жок. Бир четинен кайрадан өзүмө ачуум келди, бир четинен “Эмне үчүн ушунча окусам да үйрөнө албай жатам?” деп ыза болдум. Ошондо университеттеги бизге сабак берген мугалимдин биринен «Кантип кытай тилин жакшы үйрөнсөм болот?» деп сурасам, мени көпкө чейин унчукпай карады да, «Эгер ийгиликке жетем десең, өзүндү ийгиликтүү адамдар менен курчашың керек, эгер чет тилин жакшы үйрөнүп чыгам десең, өзүңдү чет элден келген адамдар менен курча» деп кеңеш берди. Ошол эле күнү окуу жайыбызда орус тилин үйрөнүп жүргөн кытай кызга бардым да, “Мен кытайлар менен бирге жашагым келет, мен аларга орусча үйрөтөм, алар мага кытайча үйрөтсүн” деп, бир баракка кытай тилинде жарыя жаздарап алдым. Ал жарыяны көчүртүп, Бишкектеги кытайлар иштеген соода борборлоруна, ашканаларга, интернет клубдарга чаптап чыктым. Бир жума өтпөй мага кытайлар телефон чалышып, алардын бири менен батирге чогуу чыгып кеттим. Ал учурда мен университеттин ичинде компьютердик кызматтарды ачып, концелярдык товарларды сатып, буфет алып иштетип, кичине болсо да мини бизнестер аркылуу акча таап жүргөн учурум эле. Бир сөз менен айтканда батирге акча төлөп жашоого шартым бар болчу. Ошондон баштап, түшкө чейин окууга барып, түштөн кийин батирге кайтып, жарым жыл алар менен жашаган соң кытай тилинде кадимкидей жакшы сүйлөп калдым. Мугалимдерим менин жетишкендиктеримди байкап, Кыргызстандагы кытай тили боюнча мамлекеттик сынакка катышуумду сунушташты. Ага катышып, Кыргызстан боюнча 3-орунду алып чыктым. Демек, ийгиликтин сыры — эч убакта артка чегинбей, өжөр болуп, издене билүүдө дейт элем. Андан кийин мени дароо чоң компанияга жумушка чакырышып, 500 доллар айлык коюп беришти. 2008-жылы 2-курстун студенти үчүн бул аябагандай эле жакшы айлык болуп эсептелчү. Бир жыл окуп да, ал компанияда иштеп да, мурдагыдай эле кытайлар менен да жашап жүрдүм. Бир жыл өткөн соң кайрадан кытай тили боюнча мамлекеттик сынакка катышып, Кыргызстан боюнча 1-орунду алып, чоң жеңишке жетиштим. Ошол эле жылы Кытай жергесинде өтүүчү дүйнөлүк сынакка катышып, Кыргызстандын намысын коргоп келдим. Кийинчерээк дагы бир чоң сынакка катышып, эң мыкты жыйынтык менен Кытай жергесине магистратурага бекер окууга өтүп кеттим. Кытайда окуп жатып, баардык иш-чараларда кытай тилинде алып баруучу да, котормочу да болуп жүрдүм. Магистратураны аяктап жатканда өзүм окуган эл аралык университеттин администрациясына жумушка алып калышты. 38 мамлекеттен келген студенттерди башкарып, администрацияда иштеп жүрүп, азыркы жубайым менен таанышып калгам. Жубайым магистратураны аяктап, дипломун алган соң мекенибизге кайтып келип үй-бүлө курдук.

 

“Кыялданган мамлекеттик кызматкер болдум, бирок…”
— Кыргызстанга кайтып келген соң, өз күчүм менен баардык эшикти каккылап жүрүп, кичинемден кыялданган мамлекеттик кызматка жумушка кирдим. Бир жыл иштеп, мамлекеттик кызматта тапкан айлыгым үй-бүлөмдү бакканга жетпей кыйналып, иштен кетип, бизнес ачууну туура көрдүм. Жакшылап бизнес план түзүп, бирок баштаганга акчам жок болгондуктан болгон тааныш бизнесмен байкелерге барып, идеямды сунуштап жүрүп, бир байкенин жардамы менен бирични бизнесимди баштадым. Өзүм кытай тилин аябай жакшы билип, университетте да иштеген тажрыйбама таянып, биринчи бизнести кытай тилин жогорку деңгээлде үйротүүчү кытай тили мектебин ачуудан баштагам. Азыркы учурда биз ачкан «Билим экспорт» аттуу мектебибиз Кыргызстандагы эң алдыңкы тил үйротүүчү меткептердин бирине айланды. Көптөгөн окуучуларды Кытайга окууга да жөнөтүп жетиштик. Бирок мен ушул нерсе менен эле токтобостон, Кытайдан товар алып келип, магазин да ачып жетиштим. Бүгүнкү күндө 4 бизнести жетектеп, 3 жумушта иштеп келем.

 

“Жактырган жумушуң менен алектенсең, чарчабайсың”
— Коп адамдар “Сен кантип 3 жерде да иштеп, бизнестерди да жетектегенге жетишесиң?” деп таң калып сурашат. “Жоону чапкан кырк чоро, аты чыкты Манастын” деп элибизде айтылып келгендей, ийгиликке жетем десек, эң негизгиси жакшы команда топтой билүү керек. Азыркы учурда бизнестин ар бир жаатында командаларыбыз аябай күчтүү, ошондуктан эч нерседен коркпостон алдыга дагы көптөгөн пландарды коюп жатабыз. Айтайын дегеним, эгер биз өзүбүзгө жаккан иштер менен алектенсек баардык нерсеге жетишсек болот жана эч убакта чарчоо сезими да болбойт.

 

“Ар бир күнүмдү план боюнча өткөрөм”
— Ар бир күнүм, таңкы саат 6да башталат, эрте менен бир күн ичинде жасай турган иштеримди пландап алам да, ошол план боюнча күнүмдү өткөрөм. Бир нече бизнести жетектегендиктен, ар бир командама убакыт бөлгөнгө аракет кылам. Ал эми күнүмдүн аягын үй-бүлөм менен өткөрөм.

 

“Ар бирибизге устат керек!”
— Өсөм деген адам ар дайым өзүнүн билимин тереңдетип туруш керек деп эсептейм. Мен акыркы учурда дүйнөгө аты белгилүү адамдардан сабак алам деп тилек коюп, билимимди дагы да болсо жогорулатып келе жатам. Бүгүнкү күнү дүйнөгө белгилүү миллонерлер Тони Роббинс жана Харв Эккерден сабак алдым. Россиянын белгилүү тренери Радислав Гандапас, Россиянын миллионерлер клубунун президенти Максим Темченко, белгилүү спикер Асель Сыдыкова сыяктуу адамдарга барып, сабак алып, көп нерсени үйрөнүп жүрөм. Андан сырткары Ассоль Молдокматовадан тайм-менеджментти үйрөнсөм, Бразилиядан келген Алекс Гарсиастан китепти тез окуунун сырларын үйрөнүп, феноменалдуу эс тутум боюнча Индиянын белгилүү тренери Нишант Касибхатладан сабак алып, Сингапурдун жаш миллионери Пен Джундон акча табуунун сырларын үйрөнүп келем. Негизи эле ар бирибизге жакшы устат керек эмеспи, жогоруда аты аталган адамдардан көп нерсе үйрөнүп, дагы да болсо дүйнөгө белигилүү адамдар менен иш алып барсам деп тилектенем. Бүгүнкү күндө ушул адамдардан алган билимим жана тажрыйбам менен бөлүшөйүн деп атайын «Миллионерлер клубун» түзүп, команда топтоп, “Кантип бизнес ачуу керек, кантип инвестор табуу керек жана негизи эле кантип ийгиликке жетүү керек?” деген темаларда атайын курстарды иштеп чыктык. Жакында эле белгилүү спикер Асель Сыдыкова менен биргеликте 300 адам катышкан тренингди жогорку деңгээлде өткөрдүк. 29-апрелде Ош жергесинде 1500 адам катышкан тренинг өткөргөнү турабыз. Алдыга койгон пландарыбыз — чоң, эгер биздин жарандардын көптөгөн бизнестерди ачуусуна, көптөгөн ийгиликтерге жетүүсүнө себепкер болсок, бул да болсо мамлекетибизге кошкон салымыбыз болот деп ишенем!

 

 

“Бизнес ачуу үчүн биринчи каражат эмес, жакшы идея керек!”
— Бизди бала кезибизден «Сен мектепте жакшы окушуң керек, андан соң жакшы кесип алып чыгып, жакшы жумушка орношушуң керек» деп туура эмес тарбиялап келет. Бул көрүнүш негизи эле дүйнө жүзү боюнча балдарды тарбиялоодо кетирген чоң кемчилик болуп эсептелинет экен. Ал эми адам ийгиликке жетүү үчүн, кичине кезинен «Сен жакшы окуп, жакшы кесиптин ээси болуп, жакшы бизнес ачышың керек» деп үйрөтүш керек. Негизи эле Кыргызстандын рыногу бизнес ачууга аябай ыңгайлуу, себеби конкуренция аз жана көп нерсе биздин мамлекетте ачыла элек. Адамдардын көпчүлүгү “Бизнес ачууга каражатым жок” деп жүрө беришет, а бирок бизнес ачуу үчүн биринчи кезекте каражат эмес, жакшы идея керек экенин ойлонушпайт. Эгерде сизде жакшы, чындыгында киреше алып келе турган идея болсо, ал идеяны ишке ашыруу үчүн каражат табуу өтө жеңил, себеби азыркы учурда каражаты бар бирок идеясы жок адамдар да аз эмес экенин билишиңиз керек. Ошондуктан алдыга туура план койгонду үйрөнүп, кичине максат койбостон чоң-чоң максаттардын үстүндө иштегенге аракет кылыңыздар. Туура пландап, туура адамдар менен иш алып барсаңыз, сөзсүз түрдө баардык тилектериңиздер орундалат! Эч убакта артка чегинбеңиздер. Ийгиликтин сыры – өзүнө-өзү ишене билүүдө! Эгерде өзүнө ишенген, эч убакта артка чегинбеген, билимдүү, ийгиликтүү жаш, жеке ишкерлер көп болсо сөзсүз түрдө мамлекетибиздин өнүгүүсүнө да чоң салым кошушмак.

“Ар бир ой – материалдашаарына ынандым…”
— Азыркы учурда өзүмдүн уулум бир жарым жашка чыгып калды. Колунан баары келген келинчегим бар. Келинчегим экөөбүздүн алдыга койгон пландарыбыз аябай чоң. Баардык максаттарыбыз ишке ашат деп ишенем, себеби ар бир ойлогон оюбуз материалдаштырылат деген нерсеге көп жолу ынандым…

Маектешкен: Жанар Камбаралиева

 

 

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий