Ишен Назаров, ырчы: “Кезектеги ырым ата жөнүндө болмокчу”

— Айтсаңыз, 2018-жыл сиз үчүн кандай башталды?
— Быйылкы жылдын эсебинен эң алгачкы ийгилигим бул – “Апакем” аттуу ырыма Gezit.kg биринчи электрондук гезити тарабынан мыкты ыр деп табылып, сыйлыкка ээ болдум. Бул мен үчүн абдан жагымдуу көрүнүш болду. Дагы жакшы чыгармаларды аткарууга белсенип жүрөм. Эң негизгиси жакындарым, эли-журтум аман экендиги мен үчүн зор байлык. Андыктан, быйылкы жыл дагы өзгөчө жагымдуу башталган десем туура болот.

 

— Чыгармачылыкка аралашканыңызга канча болду?
— Чыгармачылыкка аралашканыма 5-6 жыл болуп калды. Чынын айтсам ушул жылдар аралыгында чыгармачылыкка өзүмдү толук кандуу арнап, иштей алган жокмун. Анткени, турмуш-шартка байланыштуу көп ишти бир алып кетүүгө туура келип, бир аз аксап калып жаттым окшойт. Негизи ырчылыкка болгон кадамым 2012-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшыруудан башталган. Анан ошол жактан ырларды жаздырып баштагам.

 

— Алдыдагы пландырыңыз?
— Бул жылы аябай жакшы иштеп, чыгармачылык кечемди өткөрүүгө белсенип жүрөм. Пландардын баарын айтсам, гезит бетине батпай кетет (күлүп). Жакшы ой-максаттар бар, аны ишке ашыруу үчүн жең түрө ишке киришкени турам.

 

 

— “Апакем” чыгармасы ушунчалык популярдуу болуп кетет деп ойлодуңуз беле?
— Чынын айтсам, мынчалык элге бат тарайт деп ойлобогом. А бирок популярдуу кылууга ниет бар болчу. Бул ыр менин чыгармачылыктагы чыйыр жолумдун алгачкы башаты жана ийгилиги болду, али баары алдыда. Мындан да сонун, элдин жүрөгүнө жете турган ырларды ырдоого аракет кылам.

 

— Тойлорго дал ушул ырыңыз менен чакыруу көп болсо керек, сыр болбосо ставкаңыз канча?
— Ооба, менин жүзүмдү бир аз да болсо элге тааныткан ушул ыр болду. Бул чыгарма менен жакшылыктарда кызмат кылып жүрөм. Тойлорго ар кандай бара берем, мынча деп “ставка” койбойм. Той ээсинин капчыгына жараша болот.

 

 

— Кезектеги ырыңыз кандай темада болмокчу?
— Кезектеги ырым ата жөнүндө болмокчу. Сөзү-обону иштелип жатат. “Апакем” ырынын автору Баян Акматов жана Кубаныч Алиев кайрадан хит жаратууга аракет кылып жатышат. Буйруса, жакынкы аралыкта элиме тартуулайм.

 

— Үй-бүлөлүк абалыңыз?..
— Үй-бүлөдө 8 бир туугандын 7-симин. Ата-энем 5 бала 3 кызды тарбиялап, чоңойтту. Үй-бүлөлүүмүн, 1 кызым бар.

— Ыр тандоодо ким менен акылдашасыз?
— Эң негизгиси жүрөгүм менен акылдашам. Жүрөк сезет, туят жана сезим тартуулайт эмеспи, ошолш сезимдерге жараша ыр танайм. Апакем чыгармасын дагы жүрөгүм тандаган. Албетте ырдын авторлору менен дагы акылдашып, макулдашам. Ошентсе дагы ар дайым жүрөгүмдү тыңшап иш кылам. Көңүлүмө жаккан чсыгармалады жүрөгүм менен аткарганга аракет кылам. Анткени, “жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет” дегендей, ар бир чыгармага кылдаттык менен мамиле кылып, чын дилден аткарса сөзсүз жакшы жыйынтыгын берет деп ойлойм.

Маектешкен: Феруза Керималиева

 

Добавить комментарий