Тасманын бет ачаар аземинде Асема көзүнө жаш алды

25-апрелде «Манас» кинотеатрында ырчы, актриса Асема Токтобекова өзүнүн эмгегин эл сынына койду. Тагыраак айтканда, өзү режиссерлук кылган «Сүйүү күчү» тасмасы тар чөйрөгө көрсөтүлдү. Аталган тасмада башкы ролду Асема Токтобекова менен Улан Эшпаев ойноп, андан сырткары  Марат Алышпаев, Гүлмира Турсунбаева, Болот Тилек уулу, Замира Сатыбалдиевалар роль жаратышыптыр.

«Негизи бул тасма бир жыл мурда тартылып бүтүп, даяр болгон. Элге коюуга эми гана убактысы келип жетти окшойт. Бул продюсер Акжол Нишановдун чечими болду. Кино тартуу учурунда кырсыктап, өзүбүзгө келгиче да убакыт керек болду. Өзүңүздөр билгендей кино жаратуучулардын катарындагы администратор кызыбыз Хадича Исмаиловадан айрылып калганбыз, бул тасма Хадичанын жаркын элесине арналмакчы» — деген Асема көзүнө жаш алып, 1 минуталык эскерүү жарыялады. Ал эми тасма боюнча айтсак, тарбиялык мааниси терең, адамгерчилик  жана сүйүүнү камтыган мыкты кино болуптур десек жаңылышпайбыз.

Учурдун талабына ылайык, бай-кедей деп бөлүнгөн чөйрө, тектүү жерден кыз алабыз деген эне, байдын уулу болсо да өз аракети менен бутуна туруп, жөнөкөй, кедейдин кызын сүйүп калган жигит жана адамгерчилик сапатты бийик коюп, абийир тапкан кыздын тагдырын толугу менен тасмадан көрө аласыз!

«Сүйүү күчү» тасмасы 26-апрелден баштап, бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт! 

Автор: Феруза КЕРИМАЛИЕВА

Добавить комментарий