Бишкекте троллейбус сүзүп каза болгон аялдын окуясы иликтенүүдө

Бишкекте троллейбус сүзүп кеткен 51 жаштагы аял көз жумду. Окуя 24-апрелде Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрү кесилишинде түш ченде болгонун, аял «Тез жардам» келгенче үзүлүп калганын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кырсыкты Бишкек милициясы иликтеп жатат.

Баштапкы маалыматарга караганда, аял №8 каттамды аткаруучу троллейбустун жолуна чыгып кеткен.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 128 адам түрдүү авариялардан улам жашоо менен кош айтышты.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий