Имамидин Ташов: “Кыргыздын санын көбөйтүп жаткан эң көп балалуу жаш үй-бүлөлөргө батир берүүнү чечтик”

Бир нече жылдан бери сапаты мыкты кабат үйлөрдү салып, элди баасы анчалык кымбат эмес батирлер менен камсыз кылып келаткан “KG ГРУПП” курулуш компаниясы үй куруу менен эле чектелбейт. Дегеним, кайрымдуулук иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Компаниянын бул жолку салтка айланган саамалыгы да жүрөк жылытарлык. Улуттук идеологияны туу туткан компания кыргыздын санынын көбөйүшүн колдойт. Мунун алкагында көп балалуу жаш үй-бүлөлөргө жардам иретинде белекке батир берем деген “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов менен сынактын шарттары тууралуу сүйлөштүк.

— Имамидин мырза, жагымдуу акция баштап жатыпсыздар. Көп балалуу үй-бүлөлөр сиздердин сынакка кандай шарттар менен катыша алышат?
— Рахмат, буга окшогон иш-чараларды жыл сайын уюштурабыз, биз үчүн бул салттуу көрүнүш болуп калды. Ар бир жасаган кадамыбыз кенедей болсо да кыргыз элине пайдалуу болсо дейбиз. Бул жылкы акциябызды да ушул максатта уюштурдук. Кыргыздын санын көбөйтүп жаткан эң көп балалуу жаш үй-бүлөлөргө белекке батир берүүнү чечтик. Сынактын шарттары мындай: биринчиден, ата-эне экөө тең Кыргызстандын жарандары болууга тийиш. Экинчиден, жаш курагы 40 жашка чейин болуусу шарт. Ошондой эле балдарынын баары бир никеден болуш керек. Сынакка катышкан үй-бүлөлөр тууралуу силердин гезитиңерге жарыяланып, алардын тиешелүү документтери бизге тапшырылат. Кошумча шарттар да каралган. Сынактын катышуучуларынын өздөрүнүн үйү жок болсо, аз камсыз болгон үй-бүлө болсо, арасында майыптар болсо, балдарынын окууларындагы жетишкендиктери болсо алар эске алынып, мындай катышуучуларга өзгөчө маани берилет.

— Жеңүүчү качан жана кандай жол менен тандалат? Адилеттүү тандалат деп ишенсе болобу?
— Сынак марттын 15инен башталган, августтун аягына чейин уланат. Андан кийин элдин ар кайсы катмарынан алынып түзүлгөн атайын комиссия кеңешип, жеңүүчүнү тандайт. Андан тышкары силердин гезитиңердин ар бир окурманын калыс десек болот. Ал эми адилеттүү тандалышын жеке өзүм көзөмөлдөйм жана ага кепилдик берем. Жеңүүчүгө сертификат 2018-жылдын сентябрь айында тапшырылат.

— Бул белекке берилген канчанчы батириңиз болмокчу?
— Бул төртүнчү батир болмокчу. Буга чейин 10 балалуу үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү, 4 эмдүү болгон үй-бүлөгө 1 бөлмөлүү, ошондой эле маданият өкүлүнө батир берилген. Буюрса, муну менен эле токтоп калбайбыз, бул сыяктуу иш-чаралар дагы да улана берет.

 

Даярдаган: Феруза КЕРИМАЛИЕВА

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий