Бишкектеги гипермаркеттин кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал бычакташуу менен аяктады

Бишкектеги гипермаркеттердин биринин кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал бычакташуу менен аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде АКИpress агенттигине ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Октябрь РИИБге Улуттук хирургия ооруканасына бычактан алган жаракат менен эркек киши келгени тууралуу билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке жөнөтүлгөн ыкчам тергөө тобу гипермаркеттин кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыгып, анын кесепетинен алардын бири экинчисине бычак сайганын аныкташкан.

Аталган факты Октябрь РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш иш козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Окуя болгон дүкөндүн маркетинг боюнча директору билдиргендей, 25-апрелде саат 21:18те А.Токомбаев көчөсүндөгү Globus-1 гипермаркетинин аймагында эки кызматкердин ортосунда уруш чыккан. Алар бири-биринин денесине жаракат келтиришкен. Ал эми окуя жумуштан тышкаркы убакта болгон.

«Учурда укук коргоо органдары аталган окуянын бардык жагдайларын аныктап жатат. Жабыркаган кызматкердин өмүрүнө коркунуч жаралган жок», — деди ал.

turmush.kg

Добавить комментарий