Анжелика, ырчы: «Кудай сактап, бир кырсыктан аман калдык»

Бүгүн, 27-апрелде ырчы, алпаруучу жана актриса Анжелика Бекболиева Бишкек-Ош жолунда бир кырсыктан аман калды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасына: «Кудай сактады. Жол кырсыгынан эч ким алдын ала сактана албайт экен», — деген билдирүү калтырган. Сырдуу билдирүүсү тууралуу Анжелика айым SUPER.KG порталына маалымат берди.

«Бүгүн Ош шаарынан борбор калаага келе жатып айдоочунун уйкусу келип, көзү жумулуп кетти. Кудай сактап, бир кырсыктан аман калдык. Бул окуядан кийин айдоочу экөөбүз унааны алмашып айдап, Бишкекке жетип алдык. Айдоочулар жөндөп деле эс алышпайт. Ошондон улам узак жолго чыкканда көздөрү жумулуп кетет. Ушул нерсени тиешелүү тарап карап, бир чечим чыгарса жакшы болмок», — дейт ал.

Ошондой эле ырчы Ош шаарындагы концертке кызуу даярданып жатканын айтты.

«Концертке байланыштуу ушул күнү аба каттам менен эмес, унаа менен сапарга чыгууга туура келген. Зарыл ишим болбосо шашылбайт элем», — деп кошумчалады.

www.super.kg

Добавить комментарий