KG Элмурат, ырчы: “Концерттин өзүнө эле 1 миллион сомдон ашык каражат сарпталууда…”

Кыскача анкета:
1. Толук аты-жөнү – Калыбеков Элмурат Калыбе кович;
2. Туулган күнү – 29. 09. 1987;
3. Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Красный Маяк айылы;
4. Билими – Жогорку;
5. Репертуарындагы ырларынын саны – 60тан ашык;
6. Максаты – Туура жолдо жүрүп, аларга үлгү болуу менен жүрөгүнө ыйман толгон жаштарды көбөйтүү, чыгармачылыкта таланттуу шакирттерди таптап чыгаруу;
7. Урааны – «Баштадыңбы таштаба!»

— Борбордо алгачкы ирет концерт берип жатыптырсыз, жакындаган сайын толкундоолор күч алып жатса керек. Айтсаңыз, жеке концертти кандай өзгөчөлүк менен өткөрөйүн деп жатасыз?
— Чыгармачылыкка аралашып, ыйык сахнада жүргөнүмө 13 жылдын жүзү болуптур. Мына ушул аралыкта кыргызыма ыр сунуп, жүрөккө жеткен чыгармаларды аткарууга аракет кылып, талыкпай иштедим. Эми элиме отчет катары концерт берейин деп атам. Борбордо шоу-концерт берүү мурда эле планымда болгону менен, ишке ашырууга эми убакыт келип жетти окшойт. Буйруса даярдыктар жакшы. Сахнаны өзгөчө жасалгалоо менен күйөрмандарымдын маанайын көтөрсөм деп атам. Учурдан пайдаланып, ыр ышкыбоздорун 2-май Спорт ордосунда боло турчу жеке концертиме чакырам. Жаздын жылуу күндөрүндө жагымдуу музыка менен көңүл сергитип, эс алып кетиңиздер!

— Эл чогултуунун өзү эле чоң машакат. Мыкты концерт берүү үчүн мыкты каражат керектелет эмеспи, каржы маселесин караган демөөрчүңүз барбы?
— Эң негизги демөөрчүлөр афишада көрсөтүлгөн. Ошондой эле, жакындарым, досторум, санаалаштарым дагы жакшы көмөк көрсөтүшүүдө. Учурдан пайдаланып, баарына терең ыраазычылыгымды билдирем. 13 жылдан бери сахнада жүрүп, алгачкы концертимди эми гана берейин деп жатам. Андыктан, өзгөчө эсте каларлык кылып өткөрүүгө бар күчүмдү жумшап жаткан кезим. Форма, ырларга кеткен сумманы кошпогондо, концерттин өзүнө эле 1 миллион сомдон ашыкча каражат жумшалып жатат. Буйруса, мен ойлогондой өтөт деп ишенем!

— Чыгармачылыктагы жетишкендиктериңиз боюнча да айта кетсеңиз?..
— 2 жолу Эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгом. 2012-жылы Тыва республикасында өткөн “Мелодия Саянских гор” деген аталышта эл аралык фестивалга катышкам.

Ал жерде 18 республикадан келишкен, 24 катышуучунун ичинен 4-орунду алгам. Андан кийин 2016-жылы Казакстанда өткөн Гиззат Бейсенов атындагы “Жайык Даусы” эл аралык сынагына катышкам.

Даниель Канатбеков аттуу окуучумду эл аралык сынактарга катышууга даярдап жатам. Ал жөнүндө алды ала айтпай турайын, буйруса, жакынкы аралыкта жакшы жаңылыгыбыз менен бөлүшөбүз.


— Ырчылык өнөр кимден өткөн?
— Ата-журтуман эч кимиси музыкага шыктуу эмес. Ал эми таякелерим ырдабаса дагы акындык жагынан таланты бар инсандар. Балким, таякелеримден өткөндүр…

— Концерттин аталышы боюнча да комментарий бере кетсеңиз?
— Концерттин аталышы “EMU STAR SHOW_30” деп койгонубуздун себеби, ушул студия ачылгандан тарта, бул жерден чыккан альбомдорум 5ке жетти. Аларды элге тартуулоо менен 13 жыл аралыгындагы эмгектеримди сунуштамакчымын.

— Студия ачуу деле оңой эмес болсо керек, кимдин көмөгү менен ачылды эле?
— “EMU STAR” студиясынын ачылганына 3 жылдын жүзү болду. Аны тойдон түшкөн каражаттарды топтоп, айдап жүргөн унаамды сатып, өзүмдүн маңдай терим менен тапкан акчамды чогултуп жүрүп ачкам. Кудайга шүгүр ачылгандан бери эле көптөгөн чыгармачыл инсандар менен биргеликте жакшы эмгектерди жараттык. Студиянын өзгөчөлүгү, медиа хаус болгондуктан үйдөгүдөй атмосфера түзүлгөн. Ал жерде ичимдик ичилбейт жана тамеки чегүүгө болбойт. Чыгармачыл досторубуз чогулуп калганда жакшы нерселерди ниет кылып, музыкага байланыштуу болгон маселелерди чечебиз, иштейбиз, кеңешебиз, ойлонобуз, толгонобуз! Ошондой эле, биздин студиядан мыкты аранжировкаларды, аудио роликтерди, фильмдерге дубляж жасоого болот.


— Студия ачуу менен жакшы каражат табууга болобу?
— Албетте, эгерде чыгармачыл инсандардын көңүлүнө төп келе тургандай профессионалдуу деңгээлде иш алып барса, жакшы каражат табууга болот.

— Көбүнчө чыгармачыл инсандардын жумушу түндө башталат эмеспи. Түнү менен студияда иштеп, үйгө барбай калган учурлар көп эле кездешсе керек. Андайда, үй-бүлөдө пикир келишпестик жаралбайбы?
— Кудайга шүгүр, жубайым менин жумушумду түшүнөт. Ар тараптан колдоо көрсөтүп турат.


— Үйдө ким көбүрөөк камкор?
— Үй-бүлө чеби бекем сакталыш үчүн аял да, эркек да камкор болушу керек. Биз келинчегим экөөбүз тең өзүбүзгө тиешелүү жумуштарды аткарабыз. Мен сырттан таап келсем, үй ичине жайгаштырууну жубайым колго алат. Эң негизгиси, аларды эч нерседен кем кылбай багууга толук күчүмдү жумшап, иштеп келем.

Маектешкен: Феруза КЕРИМАЛИЕВА

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий