Курчоодо калганда 18 күн ачка салгылашып, эки ажалдан калган Самибай ата 15 баланы өстүрдү (фото)

Ош шаарында жашаган 98 жаштагы Самибай Артыков 20 жашында согуш талаасына кетип, майданда 4 жыл жүрдү. Бул жылдар аралыгында ал жолдоштору менен көп кан майдандарды кечкен. Ал тургай немистердин курчоосунда калып, тирүү чыкканын көзүнө жаш алып эскерди.

Өзүнүн айтымында, немистер курчап алган аймакта 18 күн ачка жүрүп, бул аралыкта көп жолдошторунан айрылган. Өзү 102 жашка толгонун айткан ардагер согуш талааларындагы кардуу окуяларды айтып берди.

«Ата-энемдин айтканына караганда мен 1917-жылы февраль айында төрөлүптүрмүн. Бирок документте 1921-жыл болуп жазылып калган. Эсимде бар, 20 жашымда өзүм жашаган Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылынан мен курактуулар менен жөнөп кеткенбиз. Ал убак азыркыдай көз алдыма тартылат. Ага чейин согуш деген сөздү гана угуп, а бирок өзү кандай болорун элестете алчу эмесмин. Ичимден коркуу сезими алоолонуп турса да, сыртымдан эрктүү көрүнүүнү чечтим. Акырын мени өз каарына тартып жаткан коркуу сезимин мекенге болгон ыйык милдет басаңдаткандай болду. Чындыгында коркуу сезими дале бар эле. Ким ойлоптур, мындай каргашалуу апаат биздин убакка туш келерин…

Кызыл-Жардан биз тааныган, бүтүн Кыргызстан тааныган акын Сооронбай Жусуев жана башкалар болуп чогуу кеткенбиз. Биринчи барган жерибиз Алмата аймагы болду. Ал жактан Орусиянын Калининград аймагына жол алдык. Биздин тынч жашообуз ошол жерден түгөндү. Мен 339-аткычтар полкунда аткыч (пулемётчу) элем. Бизге командирлер согуш талаасында курал-жаракты таштабагыла деп буйруган эле. Ал тургай курал-жарагыбыз душмандын колуна түшүп калбашы керек болчу», — деди ал.

С.Артыков алгачкы жолу согуш талаасында жанында снаряд жарылганда эс-учун жоготкон.

«Көп салгылашта болдум. Октор жамгырдай жааган кандуу майданда душманды күтүп алуу ажал менен кезигүүдөн да коркунучтуу эле. Ал аңгыча эки тараптан атылган октор кээ биринин бутуна тийип, кээ биринин аркы дүйнөгө сапар тартышына себепкер болду. Карыш жерди душманга алдыргысы келбеген биздин жолдоштор өжөрлүккө салып, душманга колубуздан келишинче каршылык көргөзүп жаттык.

Айлана ок-дарыга чулганып, көк боёкко боёлгон. Ал эми согуш майданында жарым жан адамдар жатар эле. Ал тургай жарааты жеңил жолдошторубуз өзүнүн кымбат жанын аябай, кашык каны калгыча салгылашып жатканын көргөндө ойгонбогон намысың жүрөктү дүркүрөтүп, ал-жаныңа карабай алдыга аттанып калат экенсиң. Көп убактан бери жанымда алып жүргөн куралым жакын досумдай эле болуп калган. Анын жардамында фашисттерди тиги дүйнөгө жөнөткөнүмдү эстесем бир жактан кубансам, бир жактан жаным кейийт. Андай кандуу согуш майданында секундда адамдын тагдыры чечилип калары белгилүү эле. Мына ошондой убакта көз жаздымда кандуу майдандан бейтааныш жерге түшүп калам деп ойлогон эмесмин. Душмандын аткан снаряды биз ээлеп турган жерде жарылып, анын кесепети мага да тийди. Бир заматта эс-учумду билбей калдым. Качан өзүмө келгеним да эсимде жок», — деди ардагер ата.

Согуш ардагери жарылбай калган снарядды алып, коопсуз жайга алып барганын да айтып отурду.

«Ооруканадан дарыланып чыккандан кийин кайра кандуу майданга аттандым. Бул жолкусунда мурдагыдан да күчтүү дем менен кошулдум. Анкени согуш талаасында душмандын аткан огунан жараланган антташкан досум менин колумда жан берген эле. Мен анын жаны жай алыш үчүн дагы, Ата Мекенге болгон ыйык милдетимди аткаруу үчүн дагы кайрадан согуш майданына барышым керек эле. Биз үчүн карыш жер да чоң мааниге ээ болгон.

Бир жолу душман тараптан атылган снаряд учуп келип, жарылбастан менин кийимимдин четине түшүп калды. Аны мен абайлап кармап, тезинен залалсыздандыргам. Андан кийин Ленинграддын аймагында 18 күн немистердин курчоосунда тамак-ашсыз, ачка калганбыз. Мурун берилген канттын бөлүгүн бир күндө бирден гана шимип жан сактагам. Эгер учурунда ошол кантты катып койбогонумда, балким мен да бул дүйнөдө жок болуп калат белем деп ойлоп калам. 18 күндүк тамак-ашсыз салгылашууда көп жолдошторубуз ачкалыктан көз жумду, көбү октон улам бул дүйнөнү таштап кетишти. Биздин колубуздан эмне келет эле, тагдыр экен. Биздин милдетибиз курал-жарагыбызды октоп, жакшы позицияда душмандын мизин кайтаруу эле.

Азыр ал күндөрдү эстеп отурсам, азыркы тынчтык заман биздин аркы дүйнөгө кеткен жолдошторубуздун канын төккөн эрдигинин эсебинен курулганы ойго келет. Биз азыркы тынчтык заманды баркташыбыз керек. Тынчтык замандын ар бир секундун кадырлап жашайлы», — деди Самибай ата.

Ардагер согуш талаасында экинчи жолу жаракат алганы өзүнчө чоң трагедия болгон.

«Сталинград шаарын бошотуп алуу үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жаткан. Ошол бир белгилүү убакыттагы кандуу кармашуу көз алдымдан эч кетпейт. Анкени ал күнү мен көп жолдошторумдан айрылдым. Кан майданды ар дайым ар башкача элестетүү кыйын. Ошол учур — ок-дарыга толгон айлана, октон чыккан түтүн, айлананы булгаган туман… Кээде бир жерде көп аткылашуу болгондуктан түтүн коюуланып кеткен учур болгон.

Биздин полк өз жайыбызды ээлеп, командирдин буйругу менен катар-катар ок чыгарабыз. Бизге жооп кылып ар жактан да ок атылат. Бир убакта баш аламандык болуп, багытынан адашкан октордон өлгөн адамдар да болгон. Каардуу кармашуу бир азга басаңдагандай, бирок көз алдымда мен өз жолдошторумдан айрылдым. Бир убакытта снаряд жарылып, көлөмдүү топурак мени басып калды. Ал аз келгенсип, душмандын огу далыма тийип, колтук жагымдан чыгып калган болчу. Ал жараатым менен пулемётту кучактаган бойдон топуракка көмүлүп калыптырмын. Канча убакыт жатканымды билбейм, бирок мени куткарып калышыптыр. Ооруканада ойгонуп, ошол бойдон согуш талаасы кайткан жокмун», — деп айтып берди Самибай ата.

Самибай Артыков согуштан кайтып келгенден кийин Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө да жооптуу кызматтарда иштеген. Учурда согуш ардагеринин 9 кыз, 7 уулунан 80 небереси, 130 чөбөрөсү, 2 кыбырасы бар. Өзүнүн айтымы боюнча 102 жашта болсо, документинде 98 жашта экени көрсөтүлгөн.

www.turmush.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий