Доктурбай Кожогулов: Алмаз Атамбаевдин ата­сы Шаршен чечендин акчасын жеп коюп соттолгон”

Апрель революциясынын катышуусучу, мурунку президент Атамбаевдин айылдашы Доктурбай Кожогулов, “Жаңы ОРДО” гезитине Алмазбек Атамбаев тууралуу көптөгөн окуялардын бетин ачып берген. Азырынча окурмандарга кыскача маектен үзүндү жарыя кылабыз.

—Азыр Арашан эли Атамбаевди кандай кабыл алат?

—Мурун жакшы кабыл алышчу. Азыр эч ким карабайт. Ишеничтен кетти да.

—Атамбаев “Бир нерсе болсо жогор жактан эл менен кошо түшүп келип, баарыңарды талкалайм» деп айтып жүрбөйбү?

—Оо кокуй, азыр ал үчүн бирөө басат бекен? Эч ким баспайт.

—Алмазбек Атамбаевдин жаңы салган үйүнө бет маңдай бир топ дачалар бар экен. Алар дагы сатылдыбы? 

Алмаз үй салган жер кимисиники экенин билбейм. Ушул жактагы дачанын баарын алышты, калтырган жок. Аны кайсыл акчага алып жатат? Чет жактан элди багам деп кайыр сурап алып келген акчаларга алып жатышат да. Биз алгач Чуңкурчактагы лыжа база жайгашкан жерди айыл өкмөткө бергенбиз. Айыл өкмөт ошол жерге база уюштурса, акча өзүбүзгө түшүп, жолго, сууга иштелип, жакшылык менен жамандыгыбыздын баарына жарамак. Кол коюлгандан кийин иниси тартып алып койду. Азыр кимде экенин билбейм.

—Атамбаевдин аталары тууралуу да билесизби?

Мунун ата-теги Баткенден келген. Буларды кытай деп коёт. Бул кытай эмес, калмак. Өзү деле Теке-Секирик деп айтпады беле. Мен ошондо эле Баткенден келгени чын экен дегем. Алмаздын ата­сы Шаршен чечендин акчасын жеп коюп соттолгон.

—Атасы Союз учурунда камалды беле?

—Атасы камалган. Алмаз өзү Россияда көп жыл жүрдү. Ушул айылда жолдош баласы бар. Бирок өзүнөн улуу. Ошол бул тууралуу жакшы билет. Келген сайын ага 1-2 миң доллар берип кетет деп угуп жүрөм. Ал бул жактан кылмыш кылып коюп Россияга качып кетип калат. Ошол жакта журүп Апмазга жолугат. Алмаз окуйт да, тигил жигит акча таап, буга каралашып, чогуу жүрүшүп, бирге бул жакка келиш- кен дешет.

Маектин үзүндүсүн жакынкы убакыттарда жарыялайбыз.

Булак: Жаңы ОРДО

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий