Отунбаева: Парламент балдарды өнүктүрүүгө катуу көңүл бөлүшү керек

Жогорку Кеңеште балдарды жаштайынан өнүктүрүүгө байланыштуу атайын комитет түзүш керек. Бул тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган Бишкектеги улуттук форумда билдирди.

— Балдарды жаштайынан өнүктүрүү маселесин мамлекет негизги багыт катары карашы керек. Жакырчылыкты жоюунун бир жолу — балдарды эрте куракта, мектепке чейинки убакта өнүктүрүү болуп эсептелет. Учурда балдардын 30 пайызы гана бала бакчага барат,-деди Отунбаева.

Мектепке чейинки балдарды тарбиялоого арналган форум Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жатат. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы иш-чарага Германия, Швейцария, Улуу Британия, Түркиядан келген адистер да катышууда. 15-16-майда өтө турган жыйында мындан сырткары Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Форумда балдарды кичинесинен тарбиялоо, алардын жөндөмүн жогорулатуу жана шыктандыруу, мындагы ата-эненин, мамлекеттин ролу туурасында беш башка-башка топто талкуулар өтөт. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.

Добавить комментарий