Алия Шагиева мастер класс өткөрөт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева «Музейлер түнү» акциясынын алкагында мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Эгер сен чыгармачылыкка кызыксаң, чоподон ар кандай фигура жасоону кыялданып, бирок жол-жобосун билбей жүрсөң, балким жөн гана жандуу музыканын коштоосунда маектешүүнү жактырсаң, анда иш-чараны өткөрүп жибербе», — деп жазып калтырган Алия Шагиева.

Ошондой эле анын билдирүүсүндө өзүнүн колунан жаралган эмгектеринин көргөзмөсү да өтөрү жазылган.

Мастер-класс 18-майда С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында саат 19.00дө башталат.

www.super.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий