Ошто көп кабаттуу үйдөн 25 жаштагы жигит кулап, ооруканага жетпей каза болду

Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 25 жаштагы жигит кулап, ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-майда катталган.

«Ош шаарынын Гагарин көчөсүндө курулуп жаткан 9 кабаттуу үйдүн 8-кабатынан Жапалак айылынын тургуну М.К. кулап каза болгон.Окуя болжол менен саат 12:00 чамасында болгон. Маркум ал жерде куруучу болуп иштеген», — деп билдирди басма сөз кызматы.

www.super.kg

Добавить комментарий