Ошто соода түйүндөрү менен чайкана өрттөнүп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында жайгашкан соода түйүндөрү менен чайканадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык тууралуу маалымат 15-майда кечки саат 21.00дөр чамасында түшкөн. Жеринде өрт өчүрүүчү беш унаа иш алып барганы айтылат. Жалын 22.00дө чектөөгө алынган.

Ал эми өрт толугу менен саат 23.58де өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгы соода түйүндөрүнөн чыгып, жанаша жайгашкан чайканага өткөн.

sputnik.kg

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий