Малайзияда бетине бычак сайылган кыз полиция келгиче күтүп отурду

Малайзияда уурулар 19 жаштагы кыздын бетине бычак сайып кетишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 19-жаштагы дүкөндүн кызматкери өзүнүн иш убактысы бүтүп, карангы жерден үйүн көздөй бет алган. Ал маалда кылмышкер кол салып, анын сумкасын тартып алмакчы болгон, бирок кыз каршылык көрсөткөндө, кылмышкер бетине бычак сайып окуя болгон жерден из жашырган. Натыйжада кыз көкүрөк жана моюн тараптарынан жаракат алып,  оң бети да катуу жабыркаган. Ошондой эле полиция көчөдөгү видеобайкоонун жана кыздын көрсөтмөсүнүн негизинде каракчынын чымыр денелүү экенин аныкташкан.

Gezit.kg - сайтына жазылыңыз
Placeholder Placeholder

Добавить комментарий