Баласын депкир менен сабап өлтүргөн келин сойкулук менен алектенгени маалым болду

Ош шаарында үч жаштагы баласын депкир менен сабап өлтүргөн 24 жаштагы келин буга чейин сойкулук менен алектенип келген. Бул тууралуу шаардык милициянын тергөө бөлүмүнүн башчысы Сыргак Айткурманов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, уулун өлтүргөн энеге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө учурунда ал буга чейин сойкулук менен алектенип келгендиги аныкталган.

«24 жаштагы келин буга чейин денесин сатып иштечү экен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө тиешелүү далилдер топтолду. Бирок ал келин сойкулук менен алектенгени боюнча шаардык милициянын каттоосуна алынган эмес», — деди Айткурманов.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов билдиргендей, учурда калаада сойкукана уюштурууга байланыштуу үч фактынын негизинде кылмыш иш козголду.
«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү жайлар, суткага берилүүчү батирлер дагы текшерилет. Сойкулукка каршы күрөш күн санап күчөтүлүүдө», — деди Боронов.

Эскерте кетсек, Ош шаарында өз апасы тарабынан депкир менен сабалган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, 4-февралга караган түнү ооруканага түшкөн. Бала өзүнө келбей ооруканада чарчап калган. Баланын сөөгүн алуудан апасынын жакындары баш тарткандыктан Ош шаарындагы борбордук көрүстөндө жерге берилген. Кийин баланын апасын Ош шаардык соту тарабынан 13 жылга эркинен ажыратылган.

sputnik.kg

Добавить комментарий