41 күн үзгүлтүксүз: Кытайлык жигит сүйүктүүсүнүн кыялын орундатуу үчүн эрдик жасады

Кытайдын тургуну сүйүктүүсүнүн кыялын орундатуу үчүн, аны кол арабага салып, өзү жашаган жерден алыс жайгашкан көлгө алып барган. Жигиттин айтымында, сүйлөшкөн кызы бул кыялын орундатса ага турмушка чыгууга убада берген. 

Түгөйлөр Ганьсу провинциясынан Шаньдун провинциясындагы көлдүн жээгинде жайгашкан Вэйхай шаарына барышкан. Алар бул шаарга жетүү үчүн болжол менен 1000 чакырым аралыкты басып өтүштү.

«Чарчаган учурда бири-бирибизди алмак-салмак араба менен сүйрөдүк. Ал эми аба ырайы бузулган кезде мейманканаларга токтодук. Жалпы 41 күн үзгүлтүксүз жол жүрдүк», — деди ал.

www.turmush.kg

Добавить комментарий