Бишкекте батирди сойкукана катары иштеткен аял кармалды. Интим кызматын көрсөткөндөрдүн бири 18 жашта

Бишкекте үйлөрдүн бирин мейманкана деп, бирок сойкукана иштетип жүргөн 25 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Бишкек ШИИББине Ж.Н. аттуу аял үйлөрдүн бирин көп убакыттан бери мейманкана деп коюп, интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана катары иштетип жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча ыкчам иликтөө иштеринин негизинде 25 жаштагы Ж.Н. аттуу аял колго түшүрүлгөн. Аталган даректеги үйдү тинтүү учурунда интим кызматын көрсөтүп иштеген үч кыз кармалган. Алар 23 жаштагы А.к.А.,18 жаштагы Н.М. жана 22 жаштагы Ж.Г. аттуу кыздар болгон.

«Сойкукананы уюштурган деген негизде кармалган Ж.Н.га Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды», — деп билдирди маалымат катчы.

www.super.kg

Добавить комментарий